# 20-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн негиздери

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 20-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-20

---

1. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкү негизде пайда болот:

1) лицензиянын;

2) мамлекеттик каттоонун;

3) концессиялык келишимдин;

4) продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуунун.

2. Мамлекеттик каттоодон төмөнкүлөр өтүүгө тийиш:

1) бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын илимий изилдөөлөр;

2) жекече чайкоо иштери.

3. Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоо жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзөт.

4. Жекече чайкоо иштерин мамлекеттик каттоо жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-21)
