# 2-берене. Жер казынасын пайдаланууда башка мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды колдонуу

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 2-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-2

---

1. Жер казынасын пайдаланууда ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган жер, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо менен байланышкан жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2. Ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү жер казынасын пайдалануу укугу лицензиялоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбайт.

3. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулардын жана концессиялык келишимдердин шарттарында жер казынасын пайдалануу мамилелеринин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-3)
