# 19-берене. Жер казынасын пайдалануу укугунун түрлөрү

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 19-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-19

---

Жер казынасы төмөнкүлөргө пайдалануу үчүн берилет:

1) геологиялык карта түзүүгө жана регионалдык геологиялык, геофизикалык жана башка илимий изилдөөлөргө;

2) геологиялык издөө иштерине;

3) геологиялык чалгындоо иштерине;

4) жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну кошкондо, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө;

5) пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого (мунайзатты, газды жана башка заттарды, материалдарды сактоого, зыяндуу заттарды көмүүгө, жердин жылуулугун пайдаланууга жана башка керектөөлөргө);

6) илимий, маданий, тарыхый, эстетикалык, санитардык-ден соолукту чыңдоочу жана башка маанидеги (илимий жана окутуу полигондору, геологиялык коруктар, үңкүрлөр жана башка жер астындагы көңдөйлөр) өзгөчө корголуучу объекттерди түзүүгө;

7) минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды коммерциялык максаттар үчүн жыйноого;

8) кооздук максаттар жана жасалгалоочу таш жана курулуш материалдары катары пайдалануу үчүн таш материалын жыйноого.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-20)
