# 18-берене. Геологиялык маалымат ресурстарын берүү тартиби

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 мая 2014 года № 77 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760#diff=871981..871982>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 18-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-18

---

1. Геологиялык маалымат ресурстары жеткиликтүү жана акы төлөнүүчү болуп саналат.

2. Геологиялык маалымат ресурстарына жетүүнүн төмөндөгү үч деңгээли белгиленет:

1) таанышуу - маалыматты алып жүрүүчүнү Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имаратынын чегинен алып чыкпастан, жалпы геологиялык маалыматты изилдөө;

2) пайдалануу - компаниялардын толук отчетторун, техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү, сыноолордун натыйжаларын, сынамыктардын талдоолорун жана башка маалыматтарды алып салганда, толук геологиялык маалыматты камтыган документтердин электрондук жана кагаздык көчүрүүсүнө мүмкүндүк берүү;

3) пакеттүү, жер казынасын пайдалануу укугун алуучунун бардык геологиялык маалымат пакетин сатып алуусун белгилөө.

3. Геологиялык маалымат ресурстарын берүүнүн жана пайдалануунун тартиби, аларга жетүү үчүн төлөөнүн өлчөмү, алардын наркы, ошондой эле түшкөн каражаттарды чыгымдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттери жана аспиранттары Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун геологиялык маалымат ресурстары менен жетүүнүн таанышуу деңгээлинин чегинде пайдаланууга укуктуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген чектерде геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөөдөн бошотулушат.

5. Геологиялык маалымат ресурстарына жетүү үчүн төлөнгөн акы Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун өнүгүшүнө жумшалат.

6. Геологиялык маалыматтык ресурстардын түп нускалары менен иштөөгө Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун жайларында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жол берилет.

7. Мамлекеттик сырды түзүүчү геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

8. Жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдалануу укугун алгандан кийин геологиялык маалымат пакетин үчүнчү жакка берүүгө укуксуз сатып алууга милдеттүү.

Геологиялык маалымат мыйзамда белгиленген тартипте жер казынасын пайдалануучу тарабынан мурда жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган учурларга бул талап жайылбайт.

9. (КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-19)
