17-берене. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду
Күчүн жоготкон · 19.05.2017 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 мая 2018 года № 49.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 мая 2014 года № 77
1. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду жер казынасы жөнүндөгү геологиялык маалыматты, ошондой эле архивдерди, таш жана керн материалдарынын үлгүлөрүн, палеонтологиялык калдыктарды, шлифтерди, аншлифтерди, музейлик коллекцияларды, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү атайын адабияттын китепканасын камтыйт.
2. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан геологиялык маалыматтын милдеттүү нускасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте акысыз берүү системасынын негизинде түзүлөт.
3. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган геологиялык маалымат ресурстарынын электрондук жана кагаз дубликаттарын толук көлөмдө түзүүгө жана кармап турууга жана жоготууну же уруксатсыз пайдаланууну болтурбоо шартында алардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары геологиялык маалымат ресурстарынын сакталышына жоопкерчилик алып жүрүшөт.
4. Жер казынасын пайдалануучулар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формада геологиялык отчетту Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берүүгө милдеттүү.
5. Жер казынасы жөнүндөгү маалымат менчиктештирилүүгө жатпайт. Лицензияланган объектте жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө толук маалыматты камтыган акыркы бүткөрүлгөн отчет болгондо гана аралык (жылдык) геологиялык отчеттордун жоюлушу мүмкүн.
6. Жер казынасын пайдалануучунун менчиги болгон жана Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилген геологиялык маалыматты үчүнчү жактын пайдаланышынын шарттары жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат. Эгерде геологиялык маалыматты пайдалануунун өзгөчө шарттары үчүнчү жактар менен макулдашылбаса, үчүнчү жактардын геологиялык маалыматка жетүү укугу жалпы негизде жүргүзүлөт.
7. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучуга берилген, жер казынасын пайдалануучунун менчиги болуп саналган геологиялык маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилген геологиялык маалымат купуялуулук мезгилинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөр үчүн гана пайдаланышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын Кадастрын жана Мамлекеттик балансын жүргүзүү максатында;
2) жер казынасын мамлекеттик геологиялык изилдөөнү уюштуруу максатында түзүү үчүн зарыл болгон жер казынасынын түзүлүшү жана өнүгүшү, алардын жайгашышынын мыйзам ченемдиги жана башка маалыматтар жөнүндө геологиялык маалымат ресурстарын түзүү.
8. Жер казынасын пайдалануучуга таандык геологиялык маалыматты пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн геологиялык маалымат ресурстары мамлекеттин менчиги болуп саналат.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 24 мая 2014 года № 77 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"Редакцияларды салыштыруу
24.05.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пайдалануучулар тарабынан геологиялык маалыматтын милдеттүү нускасын алынып салынды: жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кошулду: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте акысыз берүү системасынын негизинде түзүлөт.
3. … алып жүрүшөт.
4. Жер казынасын пайдалануучулар жыл сайын алынып салынды: жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кошулду: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формада геологиялык отчетту Мамлекеттик геологиялык маалымат … геологиялык маалымат ресурстары мамлекеттин менчиги болуп саналат.
кошулду: (КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203760/st-17" title="17-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>