# 16-берене. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 16-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-16

---

1. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.

2. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдалануу мезгилинде берилиши мүмкүн, убактысы бүткөндө кайтарылып берилет.

3. Ишкерлердин, ишканалардын жана уюмдардын, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканалардын жана уюмдардын каржылоосунан алынган жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат, лицензиялык макулдашууда аныкталган мезгилде алардын менчигинде болот, убакыт бүткөндө жер казынасы жөнүндө маалымат мамлекеттин менчигине акысыз өтөт.

4. Мурда мамлекеттен, ошондой эле мыйзам бузуу менен алынган жер казынасы жөнүндө мамлекеттик геологиялык маалыматы бар жактар, алар жер казынасын пайдалануучу болушу же болбошуна карабай, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биринчи талабы боюнча эле ошол маалыматты мамлекеттин менчигине берүүгө милдеттүү.

5. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматты мамлекеттин менчигине бербеген же берүүдөн качкан, же жер казынасы жөнүндө так эмес маалымат берген учурда күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-17)
