# 14-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 14-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында эсепке алынган, чек арасында пайдалуу кен чыккан жерлер жайгашкан жер участоктору пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлерин түзөт.

2. Эгерде менчиктеги же пайдалануудагы жер участогунда пайдалуу кендердин запастары табылса жана алар Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин Мамлекеттик балансында эсепке алынса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча ошол жерлерди Кыргыз Республикасынын жер мыйзамына ылайык пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясына которуу жөнүндө чечим кабыл алат.

3. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервине киргизилген жер бөлүктөрүн берүү ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген тартипте жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-15)
