# 12-берене. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансы

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 12-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансы пайдалуу кендер боюнча саны, сапаты жана изилдөөнүн деңгээли, алардын орун алышы жана өнөр жайлык өздөштүрүү деңгээли, иштеп жаткан ишкананын казып алуусу жана пайдалуу кендердин чалгындалган запастары менен камсыз кылынышы жөнүндөгү маалыматты камтыйт.

2. Пайдалуу кендердин баланстагы запастарын эсептен чыгаруу өнөр жайлык маанисин жоготкондо, казып алуу процессинде жоготулганда же пайдалуу кен чыккан жерлер кийинки геологиялык чалгындоодо же иштетүүдө ырасталбаганда, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-13)
