# 1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуунун чөйрөсү

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203760)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4691/edition/871981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203760/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 1-берене (19.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-1

---

1. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - ушул Мыйзам) мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле башка мамлекеттер менен жер казынасын пайдалануудан келип чыккан мамилелерин жөнгө салат.

2. Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан турат.

3. Ушул Мыйзам жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик укуктук жөнгө салуунун тартибин, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана жоопкерчиликтерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктайт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203760/st-2)
