# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1377/edition/494885/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (10.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20376

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-декабры № 179

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облусттарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” ПЖ №226 Жарлыгынын 2,3-пункттарына ылайык жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12-пункттарын, 25-беренесиндеги 2,3,6,7-бөлүкттөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 508 700 (беш жүз сегиз миң жети жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы финансылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдоону өзүмө калтырам.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
