# 83-1-статья. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203759)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203759/st-83-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4690/edition/454142/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 83-1-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203759/st-83-1

---

жерлери

1. Астындагы пайдалуу кендери андагы корлору жана ресурстары менен чалгындалган, Кыргыз Республикасындагы пайдалуу кен корлорунун мамлекеттик балансында эсепке алынган жерлер Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери болуп саналат.

2. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык пайдалуу кендерди иштетүү максаттары үчүн гана берилет.

3. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринде пайдалуу кендерди иштетүү жана эксплуатациялоо менен байланышпаган кандайдыр бир имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.

4. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери кенди иштетүү башталганга чейин Кыргыз Республикасынын жактарына айыл чарбасы үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.

5. Пайдалуу кендер толук же жарым-жартылай иштетилгенден кийин жер казынасын пайдалануучу бузулган жерлерде Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарында белгиленген шарттарда рекультивация жүргүзүүгө милдеттүү.

6. Пайдалуу кендер толук же жарым-жартылай иштетилгенде бузулган жерлерге рекультивация жасалгандан кийин, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ал жерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын жер фондунун башка категориясына которуу үчүн ошол жерлерде жүргүзүлгөн рекультивация жөнүндө маалыматтарды берет.".

---

Мурунку берене: [28-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203759/st-28-3)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203759/st-2)
