# 28-3-статья. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө жер участогун

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203759)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203759/st-28-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4690/edition/454142/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 28-3-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203759/st-28-3

---

пайдалануу

1. Жер казынасына геологиялык изилдөөдө (пайдалуу кендерди издөө, чалгындоо жана башка долбоорлоо-изилдөө иштери) жер участогун ажыратуу жүргүзүлбөйт, жер казынасын пайдалануучуга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жер участогун убактылуу пайдаланууга жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.

2. Жер казынасына геологиялык изилдөө жер катмарынын бүтүндүгүн бузуу менен болгон учурда (пайдалуу кендерди чалгындоо жана башка долбоорлоо-изилдөө иштери) жер участогун ажыратуу жүргүзүлбөйт, ал эми жер казынасын пайдалануучуга жер катмарынын бүтүндүгү бузулганы үчүн милдеттүү түрдө акысын төлөтүү жана жер участогун андан ары рекультивациялоо менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жер участогун убактылуу пайдаланууга жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.

3. Жер участогун берүүгө макулдук жер участогун ижарага берүүчү бүтүм болуп саналбайт, ал үчүн жер казынасын пайдалануучудан акы алынбайт.

4. Жер казынасын геологиялык изилдөөгө макулдук берилген жерлерди жер укугунун ээлери тарабынан айыл чарбалык жана башка муктаждыктар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.".

8. 60-статьяда:

2-пунктунда:

- "узартуу менен эки жылдык мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;

- "макулдашууда" деген сөз "тиркемеде" деген сөзгө алмаштырылсын;

3-пунктта "макулдашуу" деген сөз "тиркеме" деген сөзгө алмаштырылсын.

9. 62-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11) концессиялык келишимдин, тоо концессиясы жөнүндө келишимдин, продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулганда, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганда.".

10. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-глава менен толукталсын:

"14-1-глава Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери

---

Мурунку берене: [28-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203759/st-28-2)  
Кийинки берене: [83-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203759/st-83-1)
