1-берене
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 31 жана 32-пункттары менен толукталсын:
"31) пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви - астындагы пайдалуу кендери чалгындалган, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин корлорунун мамлекеттик балансында эсепке алынган жерлер;
32) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу жана Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервиндеги жерлерден жер участокторун пайдаланууга берүүчү мамлекеттик орган.".
2. 5-статьянын 3-пунктунда:
- пункт "Айыл чарба жерлерин" деген сөздөрдөн кийин "жана жер казынасын пайдаланууга берилүүчү жерлерди" деген сөздөр менен толукталсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жактарга жер казынасын пайдалануу үчүн жерлер убактылуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жарандары болгон жер пайдалануучуларга берилүүчү тартипте берилет.".
3. 8-статьянын 3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыл чарба багытындагы жерлерден башка жерлерди берүү үчүн ижара төлөмүнүн чегине жеткен өлчөмү жер салыгынын эки ставкасынан ашпашы керек.".
4. 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери.".
5. 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-статья менен толукталсын:
"19-1-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин эсебин жүргүзүү;
2) Пайдалуу кен чыккан жерлерин мамлекеттик резервинин жерлеринин чегинде жер участокторун пайдаланууга берүү;
3) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин жер кадастрын жүргүзүү, жер казынасын пайдаланууда жер чектөө схемаларын жана долбоорлорун бекитүү;
4) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин пайдаланылышын жана корголушун, жер казынасын пайдалануу токтотулганда жер участокторунун рекультивацияланышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
5) Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин категориясына которулууга тийиш болгон жерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалыматтарды берүү;
6) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка ушул Кодексте каралган маселелерди чечүү.".
6. 28-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-статья. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун берүү
1. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин жер участокторун пайдалануу укугун берүү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участоктору жер казынасын пайдалануу укугунун мөөнөтүнө убактылуу гана пайдаланууга берилиши мүмкүн.
3. Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участогунун чектери жана өлчөмү техникалык долбоор же жер астындагы сууларды технологиялык алуу схемасы менен аныкталат.
4. Эгерде жер участогунда пайдалуу кендердин корлору табылса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча, ошол жерлерди Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринин категориясына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
5. Эгерде пайдалуу кендер табылган жер участогу менчикте же үчүнчү жактардын пайдалануусунда турса, анда мамлекет аларды иштетүү жана жер участогун алуу жөнүндө чечим чыгарылган учурда, жер участогунун менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун тарткан чыгымынын ордун толтурууга же ага тең баалуу башка жер участогун берүүгө милдеттүү.".
7. 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 28-1, 28-2, 28-3-статьялар менен толукталсын:
"28-1-статья. Жер казынасын пайдалануу үчүн жерлерди берүүнүн тартиби
1. Жер казынасын пайдаланууга укуктуу жак жер казынасын пайдаланууга жер участогун убактылуу пайдалануу укугун алыш үчүн, кен чыккан жерлерди иштетүү укугун кошпогондо жер укуктарынын ээсине төмөнкүлөр берилет:
1) арыз;
2) жер казынасын пайдалануу объектинин тоо жана жер бөлүндүлөрүнүн бурчтук координаттары менен графикалык материалдар;
3) жердин бүтүндүгү бузулган учурда - токой фондусунун айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келтирүүнүн эсеби.
2. Арызды кароо жана жер участогун пайдалануу укугуна документти берүү мөөнөтү 30 календардык күндөн ашууга тийиш эмес, ал аралыкта жер укугунун ээси жер участогун берүү жөнүндө чечим чыгарууга милдеттүү. Жерге жеке менчик ээлери жер участогун жер казынасын пайдалануучуга макулдашуу боюнча бере алышат.
3. Эгерде суралып жаткан жер участогу жер казынасын пайдалануу укугун мурда алган башка жер казынасын пайдалануучуга берилген болсо, жер казынасын пайдаланууга укуктуу жак жер участогун пайдалануу тартибин жер укугунун ээси менен техникалык долбоорго ылайык макулдашууга милдеттүү.
4. Жер казынасын пайдалануу укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүдө (кыюуда), үчүнчү жакка жер участогун убактылуу пайдалануу укугу да берүү жүзөгө ашырылган датага өтөт.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203759/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>