# 304-берене. Бонустун ставкалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203758)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы №158 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4689/edition/1119739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203758/st-304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө, 304-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-304

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе бонустун ставкалары пайдалуу кендердин бардык түрлөрү боюнча классификациялык таблица боюнча кендердин жана/же пайдалуу кен байлык көрүнүштөрүнүн изилденүү деңгээлине, баалуулугуна жана масштабдуулугуна, ошондой эле пайдалуу кендерди издөө үчүн аянттын өлчөмүнө жана гидрогеологиялык скважиналарды бургулоонун тереңдигине жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Конкурска коюлган пайдалуу кен чыккан жерлер боюнча бонус ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир кен чыккан жерге өзүнчө аныкталат.".

6. 306-308-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"306-берене. Салыктык отчетту берүүнүн жана төлөөнүн мөөнөттөрү

Бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана эсептик катталган жери боюнча өзү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн 30 күн кечиктирбестен бонусту төлөйт.

---

Мурунку берене: [303-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-303)  
Кийинки берене: [307-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-307)
