# 301-берене. Бонус салыгын төлөөчү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203758)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы №158 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4689/edition/1119739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203758/st-301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө, 301-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-301

---

1. Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ ата мекендик уюм, туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм, ошондой эле жеке ишкер бонус салыгын төлөөчү болуп саналат.

2. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, катышуучулар алмашкан учурда 10 жана андан көп пайыз суммасында менчик үлүшү өзгөргөндө ошол менчик үлүшүнүн пропорционалдуу өзгөрүшүнө жараша эсептелген өлчөмдө бонус төлөнөт.

Ушул бөлүк фонддук биржада листингден өткөн компаниянын менчик укугунун үлүшүнүн өзгөрүүсүнө карата колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [300-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-300)  
Кийинки берене: [302-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-302)
