# 300-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктарды төлөөдөн

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203758)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-августундагы №158 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-300>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4689/edition/1119739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203758/st-300.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө, 300-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-300

---

бошотуу

Жер казынасын пайдаланганы үчүн салыктарды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

1) жеке ишкердикти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, ага таандык же анын пайдалануусунда турган жер участогунан кум, топурак, кум-шагыл аралашмасын казып алууну жана жер астындагы сууларды алууну жүргүзгөн жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу;

2) өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочулук, илимий жана тарыхый-маданий мааниге ээ, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн жер казынасынын участогун алган субъект;

3) тоо кен, байытуу, кокс-химиялык жана металлургиялык өндүрүш калдыктарын кайра иштетүүчү субъект;

4) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын иликтөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө иштерин, анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жана геоэкологиялык иликтөөлөрдү, ошондой эле жер казынасынын бүтүндүгүн бузбастан жүргүзүлүүчү башка иштерди аткаруучу субъект.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-1)  
Кийинки берене: [301-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203758/st-301)
