# КР 2012-жылдын 8-августундагы №157 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына згөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 8-августундагы №157 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына згөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203757>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4688/edition/416981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203757.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 8-августундагы №157 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына згөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (08.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203757

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 8-августу № 157 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203757/st-1)

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 7-статьянын 3-пунктунда:

- биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндө "айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусундагы" жана "ижарага берүүчү" деген сөздөр "Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусундагы" жана "ижарага алуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ижарага алуучу тарабынан төгүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрү анын өзүнүн камсыздандыруу эсебине түшөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203757/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203757/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
