# 7-берене. Коррупцияны алдын алуу боюнча чаралар

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203753)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14 "О противодействии коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 октября 2016 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам декларирования расходов государственных и муниципальных служащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/111448)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753#diff=1268452..1268453>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4684/edition/1268451/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203753/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 7-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-7

---

Коррупцияны алдын алуу төмөнкү негизги чараларды колдонуу жолу аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) коомдо коррупциялык жүрүм-турумга карата келишпестикти калыптандыруу;

2) ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизасы;

3) мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, башка органдарда, мыйзамда айрым мамлекеттик же башка ачык ыйгарым укуктар берилген уюмдарда табылган бузууларды алдын алуу жана алардын себептерин четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу максатында кварталына бир жолудан кем эмес ченемдик укуктук актыларды жараксыз, көрсөтүлгөн органдардын, уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин же аракеттерин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп таануу жөнүндө соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдеринин натыйжалары боюнча укук колдонуу тажрыйбасынын маселелерин кароо;

4) мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды жана мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызматтарын ээлөөгө талапкер жарандарга карата квалификациялык талаптарды мыйзамда белгиленген тартипте коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн жарандар тарабынан берилген маалыматтарды белгиленген тартипте текшерүү;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматтарды бербегени же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес бергени үчүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тизмекке киргизилген мамлекеттик жарандык кызмат же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамды мамлекеттик жарандык кызматтан же муниципалдык кызматтан ээлеген ордунан бошотуу үчүн же ага карата юридикалык жоопкерчиликтин башка чараларын колдонуу үчүн негиз катары белгилөө;

6) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадр кызматынын тажрыйбасына аларга ылайык мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан өздөрүнүн кызматтык милдеттерин узак, кынтыксыз жана натыйжалуу аткаргандыгына ылайык аны жогору турган кызматка дайындоодо, ага атайын наам, класстык чен, дипломатиялык ранг ыйгарууда же аны сыйлоодо милдеттүү түрдө эске алына турган эрежелерди киргизүү;

7) коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына коомдук жана парламенттик көзөмөлдөө институттарын өнүктүрүү.

(КР 2016-жылдын 21-октябрында № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-8)
