# 6-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн уюштуруучулук негиздери

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203753)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14 "О противодействии коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2023 [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635); 18.03.2017 [Закон КР от 18 марта 2017 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны и безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111553)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753#diff=1268454..1268455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4684/edition/1268451/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203753/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 6-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын Президенти коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт.

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын курамында консультациялык-кеңеш берүүчү органдар (мындан ары - коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдар) түзүлүшү мүмкүн. Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдардын чечимдери Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен ишке ашырылат. Коррупциялык укук бузуулар жасалганы жөнүндө маалыматтарды алганда, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдар аларды мындай маалыматтарды текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берет.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мыйзамдарды кароону жана кабыл алууну камсыз кылат, ошондой эле алардын аткаруу бийлик органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чектеринде аткарылышын көзөмөлдөйт.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлик органдарынын ортосунда негизги иш-милдеттерди жана милдеттерди бөлүштүрөт.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупция менен күрөшүү маселелери боюнча ишин координациялайт, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумундагы коррупциянын абалы жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону жүзөгө ашырат, көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна, улуттук коопсуздукка коррупциядан келип чыккан коркунучтардын даражасына баа берет, ал эми зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кароосуна тиешелүү сунуштарды киргизет, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттары же Интернет-ресурстар аркылуу калк арасында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча укуктук пропаганданы, билимдердин кеңейишин жана таралышын жүзөгө ашырат.

6. Укук коргоо органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын, кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жөнүндө же жөнгө салуу жөнүндө талаптар сакталбаганы же болбосо коррупцияга каршы аракеттенүү максатында белгиленген милдеттердин аткарылбаганы жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган фактыларды прокуратура органдарына жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-7)
