# 5-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу органдар

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203753)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14 "О противодействии коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4684/edition/1268451/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203753/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 5-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-5

---

1. Коррупцияга каршы аракеттенүүнү өз иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын чектеринде бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жүзөгө ашырууга милдеттүү. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мекемелердин жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын жана ушул Мыйзамда каралган чаралардын колдонулушун камсыз кылышат. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери, ошондой эле жарандар коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмдөргө көмөктөрдү жана зарыл жардамдарды көрсөтүшөт.

2. Коррупциялык укук бузууларды табуу, аларды алдын алуу жана бөгөт коюу жана аларды жасоого күнөөлүү адамдарды өз компетенциясынын чектеринде жоопкерчиликке тартуу укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-6)
