# 4-берене. Коррупциялык укук бузуулардын субъекттери

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203753)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14 "О противодействии коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753#diff=1268454..1268455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4684/edition/1268451/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203753/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 4-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-4

---

Коррупциялык укук бузуулардын субъекттерине төмөнкүлөр кирет:

1) саясий, атайын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жогорку администрациялык кызматтарын ээлеген адамдарды кошуп алганда, коррупциялык укук бузууларды жасаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана анын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчылары;

2) иши мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу же болбосо уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү (акциясы) бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын коррупциялык укук бузууларды жасаган жетекчилери, мамлекеттик кызматчыларга жана муниципалдык кызматтын кызматчыларына укукка каршы материалдык жана башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды берген алардын кызмат адамдарын жана кызматкерлерин кошуп алганда жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле Судьяларды тандоо боюнча Кеңештин мүчөлөрү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-5)
