16-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусу
Күчүн жоготкон · 13.02.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14.
1. Кыргыз Республикасы БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара кызматташуу шарттарында чет мамлекеттер, алардын укук коргоо органдары, атайын кызматтары, соттору жана эл аралык уюмдар менен төмөнкү максаттарда кызматташат:
1) коррупция менен күрөшүү жаатында чет мамлекеттер, эл аралык жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууну чыңдоо;
2) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын чет мамлекеттердин ушуга окшогон түзүмдөрү менен өз ара аракеттенишүүлөрдү кеңейтүү коррупциялык иш-аракеттерди табуу, эскертүү жана аларга бөгөт коюу максатында биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
3) экономикада мамлекеттин катышуусунун, бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарын киргизүүнүн, кадрларды даярдоонун, коррупцияга каршы программаларды иштеп чыгууда өз ара аракеттенишүүнүн, пропагандалык чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун маселелери бөлүгүндө коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды жакындаштыруу;
4) коррупциялык кылмыштарды жасоодо шек саналган (күнөөлөнгөн) адамдарды, алардын жүргөн жерин, ошондой эле коррупциялык жосундарга тиешеси бар башка адамдардын жүргөн жерлерин аныктоо;
5) коррупциялык жосундарды жасоонун натыйжасында алынган же аларды жасоонун каражаты болуп кызмат кылган мүлктү табуу, кылмыштардан алынган кирешелерди далилдөө максаттары үчүн кылмыштарды жасоонун мүлкүн, каражатын же башка буюмдарды табуу же артынан түшүү;
6) коррупцияга каршы аракеттенүү, "көмүскө экономика" жана коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык тажрыйбасын иликтөө, жалпылоо жана жайылтуу маселелери боюнча маалымат алмашуу;
7) Кыргыз Республикасынын ички мыйзамдарына каршы келбеген жардамдын кандай болбосун башка түрлөрүн көрсөтүү;
8) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштерди координациялоо.
2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары коррупциялык укук бузууларды жасады деп күнөөлөнгөн (шек саналган) жарандык укук жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашабаган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн эл аралык уюмдар, ошондой эле филиалдар жана өкүлчүлүктөр (чет өлкөлүк уюмдар) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке жатат.
Берененин тексти 13.02.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203753/st-16" title="16-берене - Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>