# 14-берене. Коррупция үчүн шарттарды түзүүчү укук бузуулар жана алар үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203753)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14 "О противодействии коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2023 [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635); 17.05.2014 [Закон КР от 17 мая 2014 года № 70 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205290)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753#diff=1268454..1268455>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4684/edition/1268451/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203753/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 14-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-14

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын төмөнкү аракети же аракетсиздиги коррупция үчүн шарттарды түзүүчү укук бузуулар болуп саналат:

1) башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын ишине укук ченемсиз кийлигишүү;

2) өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыктарын, жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, жубайынын, ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын (сиңдилеринин)) же өз кишилеринин (ага-инилеринин, эже-карындаштарынын (сиңдилеринин) жана жубайларынын балдарынын) кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүүдө пайдалануу;

3) адамга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө жана кызматынан жогорулоодо мыйзамдарда каралбаган артыкчылыктарды берүү;

4) жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү болгон чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда аларга укук ченемсиз артыкчылыктарды берүү;

5) өздөрү кызматта турган же аларга баш ийген, көзөмөлүндөгү же отчет берүүчү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин иштери боюнча жеке жана юридикалык жактарга ишенимдүү адам катары катышуу;

6) расмий түрдө жайылтууга жатпаган жана мамлекеттик иш-милдеттерди аткарууда алынган маалыматты жеке же топтук кызыкчылыктарда пайдалануу;

7) жеке жана юридикалык жактарга берилүүсү мыйзамда каралган маалыматтарды берүүдөн негизсиз баш тартуу, аны өз убагында бербөө, такталбаган же болбосо толук эмес маалыматтарды берүү;

8) жеке же юридикалык жактардан берилүүсү мыйзамда каралбаган маалыматтарды талап кылуу;

9) мамлекеттик же муниципалдык каржылык жана башка материалдык ресурстарды талапкерлердин жана коомдук уюмдардын шайлоо фонддоруна берүү, ошондой эле аларды жарандарга жана юридикалык жактарга мыйзам ченемсиз берүү;

10) протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөрүүдө ызаат көрсөтүү катары берилүүчү символдук белгилерди жана символдук сувенирлерди кошпогондо, жогору турган расмий адамдарга белектерди тартуулоо, материалдык жана башка жыргалчылыктарды берүү, кызматтан тышкаркы кызматтарды көрсөтүү;

11) жогору же төмөн турган же болбосо кызмат же иши боюнча дагы башкача көз карандылыкта турган кызмат адамдары менен акчалай же башка мүлктүк мүнөздөгү кумар оюндарына катышуу;

12) жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу ыйгарым укуктарын мындай ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарга өкүлдөө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында башкача каралбаса, ошондой эле көзөмөлдөөнү берүү.

2. Эгерде ал кылмыш катары жазалануучу жосундун белгилерин камтыбаса, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кандайдыр бир укук бузуулардын жасалышы, кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан четтетүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотууну кошуп алганда, тартипке чакыруу жаза чарага алып келет.

3. Уюштуруучулары же катышуучулары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарында жана башка укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлеген жактар же алардын жакын туугандары болуп саналган компанияларга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 70, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-15)
