# 13-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлүүчү юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде айрым кызматтарды ээлеген жаранга коюлуучу чектөөлөр

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203753)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14 "О противодействии коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4684/edition/1268451/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203753/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 13-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-13

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача белгиленбесе, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде айрым кызматтарды ээлеген кызматчыларга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат өтөгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер жайылтылат.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринде, уюмдарында жана ишканаларында кызматтарды ээлеген кызматчыларга, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, мыйзамдардын негизинде Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн башка юридикалык жактардын кызматчыларына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде айрым кызматтарды ээлеген кызматчыларга ушул Мыйзамда жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү беренелеринде белгиленген мамлекеттик кызматтын кызматын ээлеген адамдарга карата чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер алардын укуктук статусу менен шартталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайылтылат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-14)
