# 12-берене. Каржылык көзөмөлдөө чаралары

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203753)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14 "О противодействии коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 октября 2016 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам декларирования расходов государственных и муниципальных служащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/111448)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753#diff=1268452..1268453>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4684/edition/1268451/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203753/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 12-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-12

---

1. (КР 2016-жылдын 21-октябрында № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, иштери мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен каржыланган же болбосо уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү (акциясы) бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин банк мекемесинде же каржы-кредиттик мекемелериндеги өз эсептеринин номерлери жана банк мекемесинин маалымдаректери жөнүндө эсептер ачылган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө жашаган жери боюнча салык кызматы органдарына жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

Мындай кабарлоо бербөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет. Салык кызматы органдарына келип түшкөн ушул беренеде каралган маалыматтар кызматтык жашыруун сырды түзөт. Бул маалыматтарды ачыкка чыгарган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. (КР 2016-жылдын 21-октябрында № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-13)
