# 11-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкер адамдарга карата коюлуучу атайын талаптар

- Документ: [Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203753)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14 "О противодействии коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230040756)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4684/edition/1268451/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203753/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, 11-берене (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-11

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкер Кыргыз Республикасынын жарандары коррупциялык укук бузууларга жол бербөө максатында ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү өзүнө ыктыярдуу кабыл алат. Мында алар тыюу салынган аракеттердин укуктук кесепеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабардар кылынат.

2. Чектөөлөрдү кабыл алуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеде чагылдырылат. Чектөөлөрдү кабыл албоо (толугу менен же жарым-жартылай) мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алуудан баш тартууга алып келет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203753/st-12)
