# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203749/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4680/edition/1096932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203749/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 4-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203749/st-4

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Өкмөт 3 айлык мөөнөттө:

1) мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин;

2) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган райондук кеңештердин депутаттары ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен алар шайланган мөөнөттүн аягына чейин өз ыйгарым укуктарын сактайт.

4. 2008-жылдын 5-октябрында өткөрүлгөн шайлоонун натыйжалары боюнча шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2012-жылдын 30-ноябрына чейин узартылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203749/st-3)
