# 22-статья. Автомобиль жолдорунда кыймылды убактылуу токтотуу же

- Документ: ["Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203746)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 3 августундагы № 146 ""Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203746/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4677/edition/454126/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203746/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 22-статья (22.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203746/st-22

---

ага чек коюу

Автомобиль жолдорунда кыймылды убактылуу токтотуу же ага чек коюу табигый мүнөздөгү шарттар түзүлгөндө, жол-климат абалына же оңдоо-курулуш иштерине байланыштуу, ошондой эле автомобиль жолдорунда түзүлгөн абал жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына жооп бербеген учурларда гана жүргүзүлөт. Жол кыймылына чек коюу же аны токтотуу тууралуу чечим канчага чейин күчүндө тураары көрсөтүлүп, төмөндөгүлөр тарабынан кабыл алынат:

- эл аралык жолдордо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

- мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунда - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- жергиликтүү маанидеги жолдордо - транспорт жана коммуникациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик бийликтин областтык органдары;

- ведомстволук жолдордо - тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол ээлери;

- жеке менчик автомобиль жолдорунда - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол менчик ээлери;

- муниципалдык жолдордо - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары.

Кечиктирилгис учурларда транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жолду пайдалануу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурганда же чоң жүк ташыган технологиялык транспорттун кыймылы жолдо транспорт кыймылына кыйынчылык келтиргенде, жолдун айрым участокторунда жол кыймылына тыюу сала алат же чектөө кое алат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203746/st-1)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203746/st-23)
