# КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 141 ""Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 141 ""Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203741>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4672/edition/719909/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203741.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 141 ""Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203741

---

КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 25-июлу № 141 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203741/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 33-статьяда: 1-бөлүгүнүн 9-пунктунда "администрациялык айыптар жана башка санкциялар" деген сөздөрдөн мурун "жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерине жана унаа каражаттарын эксплуатациялоого коркунуч келтирген укук бузуу болгондо салынган администрациялык жазалардан тышкары" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203741/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203741/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
