# КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203736>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4667/edition/453923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203736.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203736

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 25-июлу № 136

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203736/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо толуктоо киргизилсин:

1. 66-3-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага чейин администрациялык камакка алууга алып келет".

2. 564-статьянын 1-пункту "майда бейбаштык" деген сөздөрдөн кийин ", үй-бүлөлүк зомбулук" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203736/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203736/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
