1-берене
Күчүндө · 25.07.2012 редакциясы
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 25-статья төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Дене тарбия мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогдук иш жана окуу-машыгуу сабактары дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсепке алуу каттоосу өткөрүлгөндүгү жөнүндө күбөлүгү болсо, жүзөгө ашырылса болот. Кесиптик педагогдук жана окуу-машыгуу иши менен алектенген адамдардын күбөлүгүнүн формасы жана эсепке алуу каттоосун жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 35-1-статья менен толукталсын:
"351-статья. Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрлери Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестри Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан дене тарбия жана спорт объекттеринин саны, багыты жана абалы жөнүндө маалыматтарды системага салуу, ошондой эле спорт жана көпчүлүк иш-чараларды өткөрүү үчүн ушул объекттерди пайдалануу максатында түзүлөт. Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрлери өзүнө маалыматтар базасын камтыган мамлекеттик маалымат системаларын туюндурат; алардын биримдиги жана салыштырмалуулугу реестрлерди түзүүнүн жалпы принциптеринин, аларды жүргүзүүнүн формалары менен методдорунун эсебинен камсыз кылынат. Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрине спорттук иш-чараларды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын курама командасын даярдоо үчүн пайдаланылган бардык дене тарбия жана спорт объектилери киргизилүүгө тийиш. Реестрге киргизилбеген дене тарбия жана спорт объектиси спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жана негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына киргизилбеген Кыргыз Республикасынын курама командасын даярдоо үчүн тиешелүү жылга пайдаланылбайт. Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрлерин жүргүзүүнүн тартиби, аларды дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрлерине киргизүү үчүн дене тарбия жана спорт объекттерине коюлуучу талаптар, дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрлеринде камтылган маалыматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрлери жөнүндө жободо белгиленет.".
Берененин тексти 25.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203733/st-1" title="1-берене - "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>