# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203730)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203730/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4661/edition/643256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203730/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203730/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 326-2-статья менен толукталсын:

"326-2-статья. Фонограммалар жөнүндө мыйзам талаптарын бузуу

Жалпы улуттук маанидеги иш-чараларды кошпогондо, ошондой эле телекөрсөтүү каналдары боюнча түз эфирге тартып алууларда жана көрсөтүүлөрдө Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен уюштурулуучу маданий-массалык иш-чаралардагы кызмат көрсөтүүлөрдө музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан үндүк, плюстук жана жарым-жартылай фонограммаларды аткаруу, ошого тете иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан мыйзамдардын мындай талаптарын камсыз кылбоо,- жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү, юридикалык жактарга - беш жүздөн сегиз жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Өзү жөнүндө жана фонограммалардын түрлөрү, белеттерде, жарнактарда, афишаларда жана башка алып жүрүүчүлөрдө кеминде 20%ды түзүүчү маалыматтар жөнүндө көрсөтпөстөн, мындай иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан, алардын убагында музыкалык чыгармалар аткарылуучу маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, - жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз, кызмат адамдарына - жүз элүүдөн эки жүз, юридикалык жактарга - сегиз жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурларда, мындай иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү адамдар катары музыкалык чыгармаларды аткаруучулардын өздөрү таанылышы мүмкүн.".

2. 534-статьянын 1-бөлүгү "321-1 деген сандардан кийин ", 326-2" деген сандар менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203730/st-2)
