# 145-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203725)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203725/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4656/edition/1119727/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 145-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203725/st-145

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "145-берене. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга күнөөлүү салык кызматы органынын кызмат адамы ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Укукка каршы аракеттерди жана/же аракетсиздикти жасаган салык кызматы органынын кызмат адамы, анын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенден кийин 3 жыл бою салык кызмат органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

3. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын салык төлөөчүнүн укугун бузган укукка сыйбаган аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин натыйжасында, ошондой эле ошол кызмат адамдарынын салык төлөөчүгө карата ушул Кодексте каралган милдеттерди талаптагыдай жүзөгө ашырбоосунун кесепетинен салык төлөөчүгө келтирилген зыяндар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга жатат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203725/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203725/st-2)
