145-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "145-берене. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга күнөөлүү салык кызматы органынын кызмат адамы ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
2. Укукка каршы аракеттерди жана/же аракетсиздикти жасаган салык кызматы органынын кызмат адамы, анын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенден кийин 3 жыл бою салык кызмат органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
3. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын салык төлөөчүнүн укугун бузган укукка сыйбаган аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин натыйжасында, ошондой эле ошол кызмат адамдарынын салык төлөөчүгө карата ушул Кодексте каралган милдеттерди талаптагыдай жүзөгө ашырбоосунун кесепетинен салык төлөөчүгө келтирилген зыяндар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга жатат.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
145-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203725/st-145" title="145-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>