# КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 116 ""Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 116 ""Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203716>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4647/edition/629850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203716.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 116 ""Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203716

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 16-июлу № 116 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203716/st-1)

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин.

1. 5-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген юридикалык жактар жүргүзүшөт.".

2. 8-статьяда:

1-бөлүгүндө "беш" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн катталган пестициддердин жана агрохимикаттардын шайкештигин өндүрүүчүнүн же берүүчүнүн ырастоосу тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген форма боюнча жүзөгө ашырылат.".

3. 9-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203716/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
