# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203715)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203715/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4646/edition/454104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203715/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203715/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-статья. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Кодекстен, мыйзамдардан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".

2. 17-статьяда "бошотушу" жана "чектелиши мүмкүн" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бошотот" жана "чектелет" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 20-статьянын аталышында жана текстинде "Жашы жетпегендердин" деген сөздөр "Балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 54-статьянын биринчи абзацында "мыйзам актыларында" деген сөздөр "мыйзамдарында" деген сөзгө алмаштырылсын.

5. 390 жана 391-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"390-статья. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун же транзиттик өтүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуу тартибин бузуу, башкача айтканда, кирүүдө билдирилген максатка ылайыксыз республиканын аймагында болуу, жашоого укук берген документтерсиз жашоо же жараксыз документтер боюнча жашоо, катталуунун же жүрүүнүн, жашай турган жерди тандоонун белгиленген тартибин сактабоо, болуунун аныкталган мөөнөтү өткөндөн кийин кетүүдөн баш тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерин сактабоо, - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык чыгарып салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [391-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203715/st-391)
