# КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 110 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 110 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4641/edition/454096/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203710.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 110 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203710

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 13-июлу № 110

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203710/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 2-берененин 2-бөлүгүндө: экинчи абзацында:

- мамлекеттик тилдеги текстинде "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- расмий тилдеги текстинде "Кыргызской Республики" деген сөздөр алып салынсын;

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоого ант берем".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203710/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
