# КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 109 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 109 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203709>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4640/edition/454094/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203709.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 109 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203709

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 13-июлу № 109

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203709/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. Преамбуласында:

"54" деген сан "70" деген санга алмаштырылсын: преамбуласы "ашыруучу" деген сөздөн кийин "жогорку" деген сөз менен толукталсын.

2. 2-статьяда:

1-бөлүктө "61" деген сан "76" деген санга алмаштырылсын; 2-бөлүктө "бир жылдан" деген сөздөр "6 айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүктө "токтомдун өзүндө" деген сөздөр "токтомдо" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 4-статьяда:

1-бөлүктө "комитеттердин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында бекитилет жана токтом менен жол-жоболоштурулат" деген сөздөр "комитеттин жыйналышында бекитилет жана чечим менен жол-жоболоштурулат" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктө "бир ай" деген сөздөр "10 күн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 5-статьянын 2-бөлүгүндө "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөзгө алмаштырылсын.

5. 8-статьяда "ар кандай мамлекеттик органга жана ар кандай кызмат адамына" деген сөздөр "тиешелүү мамлекеттик органга же кызмат адамына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 16-статьянын 2-бөлүгүндө "Жогорку Кеңешинин депутаттарына" деген сөздөр "Жогорку Кеңешине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203709/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
