# 9-берене. Милиция кызматчыларын тынчтыкты сактоо миссияларына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203707)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-июлундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 18.11.2014 [Закон КР от 18 ноября 2014 года № 154 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики «Об основах и порядке участия Кыргызской Республики в деятельности по поддержанию международного мира и безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205375)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203707#diff=593894..4322>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4638/edition/593893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203707/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө, 9-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-9

---

1. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жиберүү жолу менен Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштерине катышуусу жөнүндө чечим тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, укук коргоо органдарынын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

Милиция кызматчыларынын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси укук коргоо органдарынын жетекчилеринин сунуштамасы боюнча тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына жиберилүүчү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин талапкерлерин тизме боюнча бекитет, көрсөтүлгөн кызматкерлердин аракеттенүү районун, алардын милдеттерин, баш ийүүсүн, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.

(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 154, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-10)
