# 8-берене. Кыргыз Республикасынын аскердик байкоочуларын тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жиберүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203707)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-июлундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4638/edition/593893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203707/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө, 8-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын аскердик байкоочуларын жиберүү жолу менен Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштерине катышуусу жөнүндө чечим тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, коргоо маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кабыл алынат.

2. Президенттин тынчтыкты сактоо иштерине катышуу жөнүндө чечиминин негизинде коргоо маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин сунуштамасы боюнча тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына жиберилүүчү аскердик байкоочулукка талапкерлерди тизме боюнча бекитет, көрсөтүлгөн аскер кызматчыларынын аракеттенүү районун, алардын милдеттерин, баш ийүүсүн, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-9)
