# 5-берене. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203707)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-июлундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203707#diff=593894..4322>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4638/edition/593893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203707/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө, 5-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-5

---

1. Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдер боюнча өз милдеттерин эске алуу менен ар бир учурда тынчтыкты сактоо иштерине өзүнүн катышуусунун максатка ылайыктуулугун өз алдынча аныктайт.

2. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу үчүн аскердик контингенттерди Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүү жана аларды кайра чакыртып алуу Президенттин сунушу боюнча, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңештин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

3. Жогорку Кеңешке киргизилген сунушта көрсөтүлгөн аскердик контингенттер аракеттенген район жөнүндө, алардын милдеттери, жалпы саны тууралуу, куралдарынын тиби жана түрлөрү, баш ийүүсү, болуу мөөнөтү жана аны узартуунун тартиби, алмаштыруунун тартиби жана чыгарып кетүүнүн шарттары жөнүндө маалыматтарды камтуусу керек.

4. Эгерде сунуш Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен колдоого алынбаган учурда, анда Кыргыз Республикасынын аскердик контингенттери Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары колдонулушу мүмкүн эмес.

5. Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти жайгашкан жердеги аскердик-саясий кырдаал өздүк курамдын жапырт курман болушуна алып келүү коркунучуна өзгөргөн учурда, аскердик контингенттин командачылыгы аскердик контингентти коопсуз жерге көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-6)
