Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун тартиби
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
1. Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдер боюнча өз милдеттерин эске алуу менен ар бир учурда тынчтыкты сактоо иштерине өзүнүн катышуусунун максатка ылайыктуулугун өз алдынча аныктайт.
2. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу үчүн аскердик контингенттерди Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүү жана аларды кайра чакыртып алуу Президенттин сунушу боюнча, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңештин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
3. Жогорку Кеңешке киргизилген сунушта көрсөтүлгөн аскердик контингенттер аракеттенген район жөнүндө, алардын милдеттери, жалпы саны тууралуу, куралдарынын тиби жана түрлөрү, баш ийүүсү, болуу мөөнөтү жана аны узартуунун тартиби, алмаштыруунун тартиби жана чыгарып кетүүнүн шарттары жөнүндө маалыматтарды камтуусу керек.
4. Эгерде сунуш Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен колдоого алынбаган учурда, анда Кыргыз Республикасынын аскердик контингенттери Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары колдонулушу мүмкүн эмес.
5. Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти жайгашкан жердеги аскердик-саясий кырдаал өздүк курамдын жапырт курман болушуна алып келүү коркунучуна өзгөргөн учурда, аскердик контингенттин командачылыгы аскердик контингентти коопсуз жерге көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аймагынан тышкары жиберүү жана аларды кайра чакыртып алуу алынып салынды: Президент менен макулдашылган Өкмөттүн кошулду: Президенттин сунушу боюнча, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес … коопсуз жерге көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203707/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>