# 4-берене. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштеринин укуктук негизи

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203707)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-июлундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4638/edition/593893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203707/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө, 4-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштери жөнүндө мыйзамдары Конституцияга, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизденет, жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-5)
