# 3-берене. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштеринин мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203707)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-июлундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4638/edition/593893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203707/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө, 3-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-3

---

1. Аскердик, милициялык жана жарандык кызматчылардын тынчтыкты сактоо иштерине катышуусу төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

1) атышууну жана чыр-чатактын улануусуна өбөлгө түзгөн башка аракеттерди токтотуу жөнүндө макулдашуулардын сакталышына байкоо жана көзөмөл жүргүзүүнү;

2) чыр-чатакташкан тараптарды ажыратууну, куралсыздандырууну жана алардын бөлүкчөлөрүн таратууну;

3) инженердик жана башка иштерди жүргүзүүнү;

4) качкындардын көйгөйлөрүн чечүүгө, медициналык, башка гуманитардык жардамдарды көрсөтүүгө көмөктөшүүнү;

5) калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана адам укуктарын сактоо боюнча милициялык жана башка функцияларды аткарууну;

6) БУУнун Уставына ылайык башка эл аралык мажбурлоо аракеттерин киргизүүнү: коопсуздук тилкесин белгилөөнү; курал-жарактарды алууну.

2. Кыргыз Республикасы азык-түлүк, дары-дармектерди, башка гуманитардык жардамдарды, байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын жана башка материалдык-техникалык ресурстарды берүү аркылуу да тынчтыкты сактоо иштерине катышуусу мүмкүн.

3. Аскердик, милиция жана жарандык кызматчылардын тынчтыкты сактоо миссиясына катышуу милдеттери ар бир учурда БУУнун же региондук уюмдардын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларды өткөрүү мандатына ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-4)
