# 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203707)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-июлундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4638/edition/593893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203707/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө, 2-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: тынчтыкты сактоо иштери - БУУнун Уставына ылайык БУУнун Коопсуздук Кеңеши, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкактарында аймактык уюмдар тарабынан кабыл алынуучу жана БУУнун Уставына ылайык мажбурлоо аракеттери болуп саналбаган тынчтыкты колдоо боюнча операциялар жана башка чаралар, ошондой эле тынчтыкка болгон коркунучту, тынчтыктын бузулушун же баскынчылык актысын четтетүү үчүн БУУнун Уставына ылайык кабыл алынган куралдуу күчтөрдү колдонуу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча жүзөгө ашырылуучу эл аралык мажбурлоо аракеттери; аскердик кызматчылар - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн курамына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн (тиешелүү куралдары жана аскердик техникалары, колдоо жана камсыз кылуу каражаттары менен аскер бөлүктөрү жана бөлүкчөлөрү) аскердик байкоочулары жана аскердик контингенти; милиция кызматчылары - укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн полициялык компонентинин курамына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери; жарандык кызматчылар - качкындардын көйгөйлөрүн чечүүгө, медициналык, башка гуманитардык жардамдарды көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү үчүн тынчтыкты сактоочу миссияларына Кыргыз Республикасы тарабынан ыктыярдуу негизде жиберилүүчү адамдардын тобу; аскердик байкоочулар - атышууну жана чыр-чатактын улануусуна өбөлгө түзгөн башка аракеттерди токтотуу жөнүндө макулдашуулардын сакталышына байкоо жүргүзүү жана көзөмөлдөө боюнча милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан тынчтыкты сактоо миссияларына жиберилүүчү, аскердик контингенттин курамына кирбеген адамдардын тобу; аскердик контингент - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберилүүчү жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн дайындалган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн куралдуу жана аскердик техникалуу бөлүкчөлөрү.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-3)
