2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: тынчтыкты сактоо иштери - БУУнун Уставына ылайык БУУнун Коопсуздук Кеңеши, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкактарында аймактык уюмдар тарабынан кабыл алынуучу жана БУУнун Уставына ылайык мажбурлоо аракеттери болуп саналбаган тынчтыкты колдоо боюнча операциялар жана башка чаралар, ошондой эле тынчтыкка болгон коркунучту, тынчтыктын бузулушун же баскынчылык актысын четтетүү үчүн БУУнун Уставына ылайык кабыл алынган куралдуу күчтөрдү колдонуу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча жүзөгө ашырылуучу эл аралык мажбурлоо аракеттери; аскердик кызматчылар - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн курамына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн (тиешелүү куралдары жана аскердик техникалары, колдоо жана камсыз кылуу каражаттары менен аскер бөлүктөрү жана бөлүкчөлөрү) аскердик байкоочулары жана аскердик контингенти; милиция кызматчылары - укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн полициялык компонентинин курамына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери; жарандык кызматчылар - качкындардын көйгөйлөрүн чечүүгө, медициналык, башка гуманитардык жардамдарды көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү үчүн тынчтыкты сактоочу миссияларына Кыргыз Республикасы тарабынан ыктыярдуу негизде жиберилүүчү адамдардын тобу; аскердик байкоочулар - атышууну жана чыр-чатактын улануусуна өбөлгө түзгөн башка аракеттерди токтотуу жөнүндө макулдашуулардын сакталышына байкоо жүргүзүү жана көзөмөлдөө боюнча милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан тынчтыкты сактоо миссияларына жиберилүүчү, аскердик контингенттин курамына кирбеген адамдардын тобу; аскердик контингент - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберилүүчү жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн дайындалган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн куралдуу жана аскердик техникалуу бөлүкчөлөрү.
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203707/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>