# 11-берене. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жарандык кызматчыларды жиберүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203707)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-июлундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203707#diff=593894..4322>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4638/edition/593893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203707/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө, 11-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-11

---

1. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу үчүн жарандык кызматчыларды жиберүү жөнүндө чечим тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

2. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде тынчтыкты сактоо миссиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан сунушталган жарандык кызматчылардын талапкерлеринин тизмесин бекитет.

3. Мында тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган көрсөтүлгөн жарандык кызматчылардын аракеттенүү районун, алардын милдеттерин, баш ийүүсүн, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203707/st-12)
