# 1-берене

- Документ: ["Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203706)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 106 ""Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203706/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4637/edition/719905/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203706/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203706/st-1

---

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 65-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:

ар кыл жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын; ар кыл жөндөмө формаларындагы "жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-статьянын 4-бөлүгүнүн 2-пунктун кошпогондо "жалпы мамлекеттик салыктардын" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар кыл жөндөмө формаларындагы "пункт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "бөлүк" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Преамбуладагы "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" жана "айылдын, шаарчанын жана шаардын" деген сөздөр "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 1-статьяда:

2-бөлүк "бюджеттерден турат" деген сөздөрдөн кийин ага кирешелер жана чыгашалар кирет" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүктө "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" деген сөздөр "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 15-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15. Жергиликтүү бюджеттин киреше булактары - жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, салыктык эмес кирешелер; республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү салыктар жана кирешелер; трансферттер, ыктыярдуу төгүмдөр.".

4. 2-статьянын үчүнчү абзацында "иштерди" деген сөз "маселелерди" деген сөзгө алмаштырылсын.

5. 13-статьянын бүткүл тексти боюнча "болжолдуу" деген сөз "божомолдонуучу" деген сөзгө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203706/st-2)
