# 6-берене. Улуттук борбордун максаттары жана милдеттери

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 6-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-6

---

1. Улуттук борбордун негизги максаты эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалып турган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу жана кармоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат.

2. Улуттук борбордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу жана кармоонун шарттарын жакшыртуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу, координациялоо жана анын аткарылышына көз салуу, анын ишке ашырылышына катышуу;

2) Улуттук борбордун кызматкерлери, Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана эксперттер тарабынан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына үзгүлтүксүз алдын алма барууларынын тутумунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу;

3) кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга алып келүүчү себептерди жана шарттарды четтетүүгө багытталган агартуучулук жана билим берүүчүлүк иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

4) кыйноолорго жана катаал мамилеге каршы күрөшүү жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө көмөктөшүү;

5) кыйноолорду жана катаал мамиленин алдын алуу тутумунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;

6) коомдо кыйноолорго жана катаал мамилеге карага келишпестикти калыптандыруу жана алар менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү;

7) кыйноолор жана катаал мамиле менен күрөшүү жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-7)
