# 29-берене. Улуттук борбордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203704)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4635/edition/1174784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203704/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө, 29-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-29

---

1. Улуттук борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, кызмат адамдары менен түздөн-түз туруктуу байланышта жүзөгө ашырат.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, кызмат адамдары өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Улуттук борбордун кайрылуусу боюнча анын ишин уюштурууга зарыл көмөк көрсөтүүгө;

2) Координациялык кеңештин сунуштамаларын кароого жана алардын ишке ашырылышына көмөктөшүүгө;

3) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын укуктарына жана эркиндиктерине, аларды кармап туруунун тартибине жана шарттарына, ошондой эле кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Улуттук борборго жиберүүгө;

4) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайы баяндамаларын жарыялоого жана таркатууга.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203704/st-30)
